03.06.2019 10:36

Жашыруун аудио-видео тартууларды жүргүзүүчү каражаттарды сатып жүргөн топ кармалды

Жашыруун аудио-видео тартууларды жүргүзүүчү каражаттарды сатып жүргөн топ кармалды

Жашыруун аудио-видео тартууларды жүргүзүүчү атайын техникалык каражаттарды сатып жүргөн топ кармалды.  Бул туурасында УКМК басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Маалыматка караганда, сайттардын биринде жашыруун тыңшоо-байкоо жүргүзүүчү каражаттар сатылаары тууралуу жарыя илинген. Соттун санкциясы менен жарыя берген адамдын жашаган үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, анын натыйжасында атайын техникалык каражаттар табылган.

«Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине 252-беренеде каралган (Атайын техникалык каражаттарды мыйзамсыз өндүрүү жана жүгүртүү) белгилер менен катталды.  Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат», - дешет мекемеден.

УКМК тараткан сүрөттөрдө алынган атайын каражаттардан сырткары ток узарткычты көрүүгө болот. 

Эскерте кетсек, буга чейин ток узарткычтын ичине катылган шаймандын жардамы менен экс-президент Алмазбек Атамбаев жана КСДП мүчөсү Фарид Ниязовдун кабинеттерин тыңшоо аракеттери болгон. Анда өзүн «УКМК кызматкери» деп тааныштырган белгисиз жаран «Форумда»  иштеген адамды экс-президенттин иш бөлмөсүнө тыңшоочу жабдуу киргизип берүүгө көндүрүүгө аракет кылган. 

КСДП бул  боюнча Башкы прокуратурага арыз жазып, бул факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. УКМК болсо, бул иште тиешеси жок экенин айтып, актанган.