18.10.2018 10:12

Жайыл районунда көлмөгө чөгүп кеткен киши табыла элек

Жайыл районунда көлмөгө чөгүп кеткен киши табыла элек

Жайыл районунда көлмөгө чөгүп кеткен киши табыла элек. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 2018-жылдын 17-октябрь күнү саат 11:17 чамасында  Жайыл районунун Степное айылындагы «Мелиорация» көлмөсүнө 40 жаштагы  Т. И. аттуу эркек киши чөгүп кеткендиги тууралуу кабар келген.

Издөө иштерин жүргүзүү үчүн КР ӨКМнин Жайыл райондук №22 Акерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 5 куткаруучу, КР ӨКМнин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунан 4 куткаруучу тартылган, бирок табылган эмес.  Издөө иштери бүгүн, 18-октябрь күнү улантылат.