23.10.2018 12:22

Жайыл районунда жол кырсыгынан 2 адам каза таап, 5 киши жаракат алды

Жайыл районунда жол кырсыгынан 2 адам каза таап, 5 киши жаракат алды

Чүй облусунун Жайыл районунда Бишкек-Ош жолунун 167-168-чакырымында бүгүн 00:30да адам өлүмүнө алып келген жол кырсыгы болду. Бул тууралуу Чүй облустук ЖКККБдан билдиришти. 

Алдын-ала маалымат боюнча, «Honda Odyssey» үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып кетип, оодарылып калган.  

«Айдоочу «Кооптуу бурулуш» белгисине көңүл бурбай, ылдамдыгын азайтпай койгон, мындан улам, рулду башкара албай калган. Кесепетинде кырсык болгон жерде айдоочу өзү жана орто жаштагы жүргүнчү аял каза тапты. Дагы 5 адам жаракаттары менен ооруканага жеткирилди», -деп айтышты маалымат кызматтан.