Жайылда бейтап оорукананын терезесинен секирип, каза тапты. Окуянын чоо-жайы
Чүйдүн Жайыл районундагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда 65 жаштагы киши төртүнчү кабаттын терезесинен секирип каза болду. Бул тууралуу дарыгерлер борборунун орун басары Ирина Асанбековага таянып, Super.kg жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 12-сентябрь күнү саат 08:12де болгон. Кара-Балта шаарынын 65 жаштагы тургуну борборго тамчылатма ийне сайдырууга келген.
«Аны медайым кабыл алып, палата жаткырып коюп, өзү керектүү каражаттарды алып кетүүгө чыгып кеткен. Медайым болжол менен 5 мүнөткө жетпеген убакта кайра келип, бейтапты таппай калган. Дааратканага кетип калганбы деп, бир аз убакыт күткөн. Бирок бейтап келген эмес. Андан соң медайымга оорукананын алдында бир киши жатканын, болжол менен ал терезеден секиргенин айтышкан. Ал жерге барган дарыгерлер эртең менен келген бейтап экенин аныкташкан. Ошол замат милиция кызматкерлери чакыртылып, бардык видео көзөмөлдөр көрсөтүлгөн. Алдын ала маалыматтар боюнча жаран өз өмүрүнө кол салган. Маркум акыркы убакта аталган ооруканада ийне сайдырып жүргөн. Ал Кара-Балта шаарында жалгыз жашайт. Апасы мындан 3 жыл мурун каза болуп калган. Ал ошондон кийин инсульт алып ооруп жүргөн», - деп билдирген Асанбекова.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Выбранная дата: