24.04.2018 13:30

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын өкүлү пара берүү фактысы менен кармалды

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын өкүлү пара берүү фактысы менен кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынан билдиришти. 

24-апрелде МУКК ыкчам-издөө иш-чаралардын жүрүшүндө Улуттук коопсуздук кызматынын кызматкерине 3 миң доллар пара берип жаткан жеринен Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын көчмө механикалык колоннасынын жетекчисин кармады.

Берилген каражат кызматтык абалынан кыянат пайдалануу, ишенип берилген мүлктү ээлеп алуу жана коротуу боюнча буга чейинки текшерүү маалында аныкталган фактыларды жашырып коюу өтүнүчү менен сунушталган.

Бул факт боюнча башкы прокуратура 134-берене менен кылмыш ишин козгоду. Тергөө жүрүүдө.