Жаңы дайындоо. Жаш көрүүчүлөр театрында жетекчилик алмашты

  дайындоолор (1 материал)
Жаңы дайындоо. Жаш көрүүчүлөр театрында жетекчилик алмашты

Бишкек шаарындагы  Бакен Кыдыкеева атындагы  Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын жаңы жетекчиси дайындалды. 

 2-марттан тарта,   аталган  театрды  Жолдошбек Аманкулов башкарат.   Жаңы дайындалган жетекчини   бүгүн Маданият министри  Султан Жумагулов   жамаат менен тааныштырды. 

 Министр, театрды өнүктүрүүгө чоң салым кошо турган жаш, прогрессивдүү директордон жаңы идеяларды ишке ашыруусун күтөөрүн айтты. 

Жолдошбек  Аманкулов эмгек келишимдин негизинде дайындалды.  Эгерде бир жылдын ичинде өзүн мыкты көрсөтүп,   ийгиликтерди  багынтып иштеп кетсе,  келишим кийинки жылга  узарат.  Эске сала кетсек, мурун театр директорлору эмгек келишим менен иштеген эмес.

 

Жолдошбек Аманкулов:

 Чүй облусунун Кемин районунда  Тегирменти айылында туулган. Ал  Москва шаарында М.С Щепкин атындагы жогорку театралдык  институтта  билим алган. Учурда   Россия Федерациясынын президенти алдындагы   башкаруу академиясында  окуйт.  “Учур” театрынын көркөм жетекчиси, Кыргыз-Түрк  “Манас” жогорку окуу жайынында  көркөм өнөр факультетинде ага окутуучу  болгон.

Үй-бүлөлүү, эки уул, бир кызы бар.