05.12.2019 12:16

Жаңы жылдык эс алуу күндөрү жети күнгө созулат

Жаңы жылдык эс алуу күндөрү жети күнгө созулат

Кыргызстандыктар жаңы жылдык майрамдан кийин 7 күн эс алышат. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти. 

Өкмөт жаңы жылдык эс алуу күндөрүн аныктоо боюнча сунушун министрлик менен мекемелерге жөнөттү.

Маалыматка ылайык, 2-3-6-январь иш күндөрү болгондуктан, бул күндөрү эс алуу үчүн жарандар дем алыш деп аныкталган 24-февралда, 9-мартта жана 23-мартта иштөөгө туура келет. (23-февраль, 8-март, 21-март дем алыш күнгө туш келгендиктен, кийинки күндөр дем алыш деп жарыяланат).

Ал эми май айында кыргызстандыктар 5 күн удаа эс алышат. 9-май дем алышка туш келгендиктен, 11-май 4-майга жылдырылды.