12.11.2019 11:06

ЖЭБ боюнча иште документтер бурмаланганбы? Исаковдун жактоочусу башкы прокурорго арызданды

  ЖЭБ чуусу (4 материала)
ЖЭБ боюнча иште документтер бурмаланганбы? Исаковдун жактоочусу башкы прокурорго арызданды

Мурунку өкмөт башчы Сапар Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакунов башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго ЖЭБди модернизациялоо боюнча кылмыш ишин бурмалоо ,болгону тууралуу арызы менен кайрылды, деп жазат 24.kg

Юристтин айтымында, ал бузуу фактыларын көрсөтүп, аны тастыктаган документтерди тиркеп расмий арыз берди.

«Алар менин арызымды каттоого алышты, бирок Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине киргизилдиби, белгисиз», — деди жактоочу. 

 

Токтакуновдун айтымында, документтеги экинчи баракты алмаштырып коюшкан. Анда эксперттер чыгымды эсептеш үчүн иштелип чыккан коэффициенттер камтылган.

«Бирок, бул коэффициенттер менен чыгымдар чыкпай турганы аныкталды. Анда Мамлекеттик курулуш агенттиги документтеги экинчи баракты алмаштырып коюшкан. Алар чыгымга алып келүүчү коэффициенттерди коюп, эксперттерге беришкен», — деди ал.

Эске сала кетсек, эксперттердин тыянагы боюнча «Бишкек ЖЭБин модернизациялоо» долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашыруудагы коррупция фактысынан мамлекетке 5 миллиард 439 миллион сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.

Мындан улам, мурунку премьер-министр Сапар Исаков, экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, ЖКнын депутаты Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энергохолдингдин мурунку башчысы Айбек Калиев, «Электр станциялары» ишканасынын мурунку башкы директору Салайдин Авазов, Улуттук энергохолдингдин башчысынын мурунку орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо башкарма тобунун директору Темирлан Биримкулов жана мурунку финансы министри Ольга Лавроваларга кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана коррупция боюнча айып тагылууда.