10.04.2019 11:49

ЖЭБ боюнча соттук отурумда жактоочулар айыпталуучуларды тордон чыгара турууну өтүнүштү

ЖЭБ боюнча соттук отурумда жактоочулар айыпталуучуларды тордон чыгара турууну өтүнүштү

Бишкектин Свердлов райондук сотунда ЖЭБди модернизациялоо боюнча ачылган кылмыш ишин кароо уланып жатат. Сот отурумуна Инара Гилязетдинова төрагалык кылууда.

Отурумдун башында Жантөрө Сатыбалдиевдин жактоочусу Канат Жайлоев айыпталуучуларды процесс учурунда тордон чыгара турууну өтүндү. Анын айтымында, тордо кармоо -адамдын кадыр-баркын түшүрүп, кыйноо катары бааланат. Айыпталып жаткан экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев өзүнүн жактоочусунун айтканын колдоду. Ал бул соттук процессте айыпталуучу катары өтүп жаткандарды коом үчүн коркунучтуу деп айтууга эч кимдин укугу жок экенин билдирди. 

Мурунку премьер-министр Сапар Исаков эгер айыпталуучулар качып кетүүнү көздөшсө, эрикиндикте жүргөндө эле аны жасашмактыгын айтты. Бирок, Судья Инара Гилязетдинова бул өтүнүчтү канааттандырган жок.