25.04.2019 15:06

ЖЭБ чуусу. Дүйнөлүк банк $150 миллионго техникалык-экономикалык негиздеме жасаган эмес

ЖЭБ чуусу.  Дүйнөлүк банк $150 миллионго техникалык-экономикалык негиздеме жасаган эмес

Дүйнөлүк банк Бишкек ЖЭБин жаңылоо долбоору үчүн 150 миллион долларга  техникалык-экономикалык негиздеме жасаган эмес. Бул туурасында Дүйнөлүк банктын маалыматына таянып, 24.kg. жазып чыкты.

Дүйнөлүк банк Бишкек ЖЭБин калыбына келтирүү үчүн техникалык-экономикалык негиздемени каржылабаганы белгиленет.

«2009-жылдын февраль айынын аягында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Бүткүл дүйнөлүк банкка жылуулук борборун калыбына келтирүү үчүн техникалык-экономикалык негиздемени каржылоо өтүнүчү менен кайрылган. Дүйнөлүк Банк макулдугун билдирген.  Техникалык-экономикалык негиздемени  иштеп чыга турган фирма-консультантты тандап  алуу боюнча тендер өткөрүү үчүн документтер даярдалган. Бирок 2009-жылдын июлунда күзгү-кышкы мезгилге даярдык көрүү башталышына байланыштуу, Өкмөт Дүйнөлүк банктан акчаны шашылыш муктаждыктарга которууну суранган,  тактап айтканда, ЖЭБ үчүн отун сатып алууга.  Дүйнөлүк банк бул өтүнүчтү канааттандырган», — деп айтышкан банктан.

Буга чейин экс-министр Игор Чудинов 150 миллион долларлык долбоор болгонун, анын  техникалык-экономикалык негиздемесин Дүйнөлүк банк түзгөнүн айткан.

Дүйнөлүк банк болсо, Бишкек ЖЭБин калыбына келтирүүнүн баасы канча турары боюнча эсеп жүргүзбөгөнүнө ишендирет. Ошондой эле, аталган сумма кайдан  келип чыкканын  билишпейт.