30.05.2019 13:00

ЖЭБ чуусу. Каржы министрлиги TBEA компаниясын Кытай тарап аныктаганын билдирди

ЖЭБ чуусу. Каржы министрлиги  TBEA компаниясын Кытай тарап аныктаганын билдирди

Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБин жаңылоо боюнча ачылган иш каралып жатат. Соттук отурумдун жүрүшүндө Каржы министрлигинин өкүлдөрү Нурбек Мамасадыков менен Азамат Исаков жабырлануучу катары сурак беришүүдө.

Соттун жүрүшүндө экс-премьер-министр Сапар Исаков ЖЭБди жаңылоо долбоорун ишке ашырууда Кыргызстанга аткаруучу уюмду тандоо мүмкүнчүлүгү  берилгенине кызыкты. 

«Кытай тараптан долбоорду аткаруучу уюмду тандоо альтернативасы болду беле? Кыргызстандын TBEA компаниясынан башкасын тандоо мүмкүнчүлүгү бар беле?» - деп сурады Исаков.

Буга Каржы министрлигинин өкүлдөрүнүн бири Нурлан Мамасадыков  ишти аткаруучу тарап катары TBEA компаниясын Кытай тарап бекиткенин билдирди.