22.05.2019 11:29

ЖЭБ чуусу. Кылмыш ишинде негизги документтер камтылган эмес

ЖЭБ чуусу. Кылмыш ишинде негизги документтер камтылган эмес

Бишкектин Свердлов райондук сотунда бүгүн, 22-майда ЖЭБ жаңылоо боюнча козголгон кылмыш ишин кароо уланып жатат. Сотко Инара Гилязетдинова төрагалык кылууда.

Улуттук энергохолдингдин экс-жетекчиси Айбек Калиев соттук отурум учурунда кылмыш ишинде бир катар негизги документтер камтылбай калганын билдирди.

«Энергодолбоорлор жана TBEA менен энергодолбоорлордун келишими,  2018-жылкы «Электр станциялары» энергодолбоорунун үч тараптуу келишими, иштелип чыккан долбоорлордун өзү жок. Бул документтерди кылмыш ишине кошууну суранам», - деди ал. 

Ошондой эле, Калиев соттук процесттин башкы күбөсү болгон «Энергодолбоор» КИ иштеп чыгуучусу  Евгений Хафизовду күбө катары кошууну жана аудио-видео тартуу иштерин жүргүзүүгө уруксаат берүүнү суранды. 

Сот ишке кошумча күбө тартуу өтүнүчүн кабыл алды. 

.