29.07.2019 10:58

ЖЭБ чуусу. Объектини кабыл алууда акт болду беле?

ЖЭБ чуусу. Объектини кабыл алууда акт болду беле?

Бүгүн, 29-июлда Бишкектин Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБин жаңылоо боюнча соттук отурум уланууда. 

Отурум судья Инара Гилязетдинованын төрагалыгы алдында өтүп жатат.  Күбө катары Мамлекеттик экотехинспекция өкүлү Шараф Ачилдиев сурак берүүдө.

Анын жүрүшүндө, Бишкек ЖЭБин жаңылоо долбоорунун мурунку жетекчиси Темирлан Биримкулов аткарылган иштердин актысы болгонуна кызыкты. 

«Бизди объектини актысы жок кабыл алып койгонсуңар деп айыптап жатышат. Аткарылган иштердин актысы болду беле?», - деп тактады ал. 

Күбө ал акт болмоюнча, Мамлекеттик экотехинспекция объектини кабыл албай турганын билдирди.