29.05.2019 13:10

ЖЭБ чуусу. Тергөө айыпталуучулардын мойнуна 25 млн. долларды ашыкча илип койгон

ЖЭБ чуусу. Тергөө айыпталуучулардын мойнуна 25 млн. долларды ашыкча илип койгон

Бүгүн, 29-майда Бишкектин Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБин жаңылоо боюнча козголгон кылмыш иши  кароо уланууда.

Соттук отурумга жабырлануучу катары Финансы министрлигинин өкүлдөрү Нурбек Мамасадыков менен Азамат Исаков катышып жатат.

Улуттук энергохолдингдин мурунку башчысы Айбек Калиев жабырлануучу тарап суралып жаткан учурда, Бишкек ЖЭБин жаңылоо долбоорунун алкагында Каржы министрлиги канча каражат өздөштүргөнүнө кызыкты.

Мекеме өкүлдөрү учурда 360 млн 445 миң доллар өздөштүрүлгөнүн, Кытайдын «Эксимбанкынан» дагы 25 млн доллар ала электерин билдиришти.

«Каржы министрлиги Кытайдан болгону 360 млн 445 миң доллар алыптыр, анда эмнеге бизди мамлекетке 386 млн, доллар чыгым келтирдиңер деп айыптап жатышат? Демек, бул жакта маалыматты бурмалоо жүрүп жатат», - деди Айбек Калиев.  

Финансы министрлигинин өкүлдөрү чыгымдарды алар эмес, тергөө эсептеп чыкканын, өздөрү болсо, тергөө менен макул экенин айтышты.