29.05.2019 16:13

ЖЭБ чуусу. Жабырлануучу катары өтүп жаткан тарап жактоочунун суроолоруна жооп бере алган жок

ЖЭБ чуусу. Жабырлануучу катары өтүп жаткан тарап жактоочунун суроолоруна жооп бере алган жок

Бүгүн, 29-майда Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБин жаңылоо долбоору боюнча ачылган кылмыш иши каралууда. Процесске Каржы министрлигинин өкүлдөрү Нурбек Мамасадыков менен Азамат Исаков жабырлануучу катары катышып жатышат. 

Улуттук Энергохолдингдин мурунку жетекчиси Айбек Калиевдин жактоочусу Бакытбек Жумашев жабырлануучуларды суракка алуу учурунда көп суроолоруна жооп ала албаганын билдирди. Ал Калиев Кытай тарап менен макулдашууга кол коюудан кандай пайда көргөнү тууралуу Каржы министрлигинде маалымат бары-жогун сурады. 

«Калиев кандайдыр-бир материалдык пайда көрүш керек эле. Кандай пайда көргөнү тууралуу сиздерде маалымат барбы? Эмне алганы аныкталдыбы? Калиев кандай иш-аракеттери менен Каржы министрлигине зыян келтирди?», - деп собол салды ал. 

Каржы министрлигинин өкүлдөрү бул суроону «Электр станциялары» ишканасынын өкүлдөрүнө берүү жөндүү болорун билдиришти. Буга жактоочу нааразы болуп, берген суроолоруна жооп ала албай жатканын билдирди. 

«Соттук отурум күлкүгө айланып баратат. Ал менин бардык суроомду четке кагууда. Мынтип иштөөгө мүмкүн эмес, ага эскертүү бериңиз», - деди жактоочу.  

Буга сот Инара Гильязетдинова жабырлануучу кандай кааласа, ошондой жооп берет деген жообун узатты.  

Жактоочу Финансы министрлигинин өкүлдөрү жабырлануучу катары өтүп жатышканын, ошондой эле кайсы суроого жооп бериши керек, кайсы суроого жооп бербеши керек деген документ  жок экенин белгиледи.