13.11.2019 17:31

ЖЭБ иши боюнча айыпталуучу: Кытайдан насыя алып жаткан мамлекеттер талап кое албайт

ЖЭБ иши боюнча айыпталуучу: Кытайдан насыя алып жаткан мамлекеттер талап кое албайт

Бишкек ЖЭБи боюнча сот жараянында «Электр станциялары» ишканасынын жетекчисинин мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров мындан ары көрсөтмө бербейт. Бул тууралуу 13-ноябрда анын жактоочусу Бишкектин Свердлов райондук сотунда өтүп жаткан жараянда билдирди:

«Назаров ушуга чейин бардык маселелер боюнча көрсөтмө берди. Биз өзүбүздүн позициябызды так айттык. Мен адвокат катары менин коргоомдогу адам бардык суроолорго жооп бербей турганын билдирем. Биз бардык суроолор боюнча так жана калыс маалымат бердик деп эсептейбиз», - деди жактоочусу.

Буга чейинки көрсөтмөсүндө Жолдошбек Назаров Кыргызстанда ЖЭБди жаңылоочу компанияны өз алдынча тандоо мүмкүнчүлүгү болбогонун билдирген.

«Кытай тарап жеңилдетилген насыя берип жаткандан кийин, өз талабын койгон. Талабында компанияны алар сунуштаган. Компанияны тандоого мен эмес, мамлекет таасир бере алган эмес. Кичинекей Кыргызстан эмес, Кытай насыя берген бир дагы мамлекет өз талабын кое алмак эмес», - деген  Назаров.