31.05.2019 15:26

ЖЭБдеги авария: Айбек Калиев, Темирлан Бримкулов жана Узак Кыдырбаевдин доо арызы 4-июнда каралат

ЖЭБдеги авария:  Айбек Калиев, Темирлан Бримкулов жана Узак Кыдырбаевдин доо арызы 4-июнда каралат

Бишкек шаардык соту Айбек Калиев, Темирлан Бримкулов жана Узак Кыдырбаевдин доо арызын 4-июнда карайт. Бул тууралуу бүгүн, 31-майда  ЖЭБдеги өндүрүштүк кырсык боюнча ишти кароо учурунда белгилүү болду.

Буга чейин соттолгондордун жактоочулары Биринчи Май райондук сотунун өкүмүнө каршы доо  арыз беришкен. Бүгүн сот айыпталып жаткан 7 адамдын ичинен төртөөнү бошотту. Алар:

1) «Электр станциялар» ишканасынын башчысынын биринчи орун басары Бердибек Боркоев 7 жыл 6 айга шарттуу кесилип, 300 миң сом төлөөгө милдеттендирилди.

2) «Улуттук энергетикалык холдинг» компаниясынын төрагасынын мурдагы орун басары Нурлан Сыдыков 220 миң сом төлөөгө милдеттендирилди.

3) ЖЭБдин мурдагы техникалык инженери Нургазы Курманбековго 220 миң сом айып тагылды.

4) ЖЭБдин мурдагы директору Нурлан Өмүркүл уулу 300 миң сом төлөөгө милдеттендирилди.

Алар буга чейин күнөөнү моюнга алып, тергөө менен бүтүм түзүшкөн.

Ал эми күнөөнү моюнга албаган «Электр станциялар» ишканасынын мурдагы башчысы Узак Кыдырбаев, «Улуттук энергетикалык холдингдин» мурдагы төрагасы Айбек Калиев жана ЖЭБди жаңылоо боюнча долбоорунун аткаруучу директору Темирлан Бримкулов 2 жарым жылдан 4 жылга чейин эркинен ажыратылган. Алардын ишин кароону сот 4-июнга калтырды.