02.11.2019 16:43

Жээнбеков: Ата-Түрк паркында мага бөлүнгөн тилкеге башка бирөө үй салып алган

Жээнбеков: Ата-Түрк паркында мага бөлүнгөн тилкеге башка бирөө үй салып алган

Бүгүн, 2-ноябрда президент Сооронбай Жээнбеков ЖМК жетекчилери менен жолугушуп, суроолорго жооп берди.

Kloop.kg редактору президенттен 2003-жылы Ата-Түрк паркынан алган жер тилкеси тууралуу сурады. 

«Аскар Акаевдин убагында Эл өкүлдөр жыйынынын депутаттарына 47 жер тилкеси берилген. Мен ал жерди сурап алган эмесмин. Бизге азыркы АКШ элчилиги турган жердин артынан берилген, төрага Бөрүбаевге жана орун басары мага дарактуу жер эмес, асфальт жер тийген.

2007-жылы мен оппозицияга кеткем. Менде ал кезде жерге, үй салганга  муктаждык жок болчу. Балдарым кичинекей эле, 3 бөлмөлүү батирим бар болчу, ошол мага жетиштүү болчу. Кийин уулдуу болдум. 

Ошон үчүн ал жерди барып көргөн да эмесмин. 2007-жылы Госрегистрден дагы бирөөнө ал жерге кызыл китеп беришиптир. Ал алып туруп, бирөөгө сатып ийген. Кийин Ошко кеттим, ал жакта жүрдүм. Бир күнү «Үй салып атасыңбы?» деп сурашты, келип көрсөм, бирөө үй салып коюптур. Ошондой талаштуу жер болду, буюрган эмес да. Балдар менин сүйлөшүп, салып алгандан кийин кантип бузасыңар деп ал жер үчүн компенсация алдым. Жер ал кишиде калды. Ал жерде менин үйүм жок. Кааласаңыз балдарды кошуп берем, алар баарын көрсөтүп беришет», - деди президент.