02.11.2019 13:40

Жээнбеков массалык маалымат каражаттарынын жетекчилери менен жолугушууда

Жээнбеков массалык маалымат каражаттарынын жетекчилери менен жолугушууда

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 2-ноябрда Кыргызстандагы массалык маалымат каражаттарынын жетекчилери жана өлкөдө аккредитациядан өткөн чет элдик ЖМК корреспонденттери менен жолугушууда.

Өлкө башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, президент жолугушуунун башталышында жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилерин алдыда боло турган Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктады. Жолугушуу суроо-жооп форматында өтүп жатат.

Маалым болгондой, жыйынга ММК жетекчилеринен 45 адам чакырылган. Мындан тышкары, жолугушууга өлкөдө аккредитациядан өткөн чет элдик корреспонденттер дагы катышууда.

Президент ММКларга коомчулукту кызыктырып жаткан негизги суроолор боюнча жооп берди. Жолугушуу сый тамак үстүндө бейформал түрдө уланды.

Эскерте кетсек, бул жолугушууга «Апрель» телеканалынын өкүлдөрүн чакырышкан жок.