02.11.2019 15:53

Жээнбеков: Райымбек Матраимов эки жылдан бери жумушсуз отурат

Жээнбеков: Райымбек Матраимов эки жылдан бери жумушсуз отурат

Бүгүн, 2-ноябрда президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын ЖМК өкүлдөрү менен жолугушуп жатат. Телеканал, радио, гезит жана интернет-басылмалардын жетекчилери өлкө башчысына суроо берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Эскерте кетсек, былтыр дагы мындай жолугушуу болуп, ага «Апрель» телеканалынан журналист Канат Каниметов катышкан. Ал Бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов тууралуу суроо берген. 

Бул жылы дагы Сооронбай Жээнбековдон Матраимов тууралуу сурашты. 

«Райым боюнча. Баарын эле мага шылтап койгулары келет. Мен албетте, аны тааныйм. 2010-жылы мен [Ош облусунун] губернатору болуп шайлангам. Анда Бекназаров [Азимбек Бекназаров]  маселе көтөрүп чыкты. Райым ошол кезде Оштогу бажы төлөмдөрүн 156 пайызга чейин көтөргөн. Аны жетекчиликке дайындашкан. Кийин бул жакка [Бажы кызматынын жетекчилигине] алып келишти. 24-ноябрда мен мамлекет башчы кызматына кириштим. 23-ноябрда ал Бажы кызматынын жетекчисинин орун басары кызматынан кетти. Бирок баары эле аны мага жабыштырууга аракет кылып жатышат. Бул туура эмес. Ал эки жылдан бери жумушсуз отурат. Анын агасы, силер билесиңер, парламентте», — деди Жээнбеков. 

Аны коррупциянын символу катары мага жабыштырып коюуга аракеттер жүрүүдө. Алар иштеп чыккан схемаларды мага илгилери бар.

                                                             Сооронбай Жээнбеков

«Фактыларды бергиле. Органдар териштирип чыгышат. Баары эле айтышат, бирок эч ким далилдеп бере албайт», — деп белгиледи президент.