01.07.2019 12:26

Жээнбековдун мурунку кеңешчиси Конституциялык палатага төрага болуп дайындалды

Жээнбековдун мурунку кеңешчиси Конституциялык палатага төрага болуп дайындалды

Асылбек Жээнбековдун кеңешчиси Конституциялык палатага төрага болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, Конституциялык палатанын мурунку төрагасы Эркинбек Мамыровдун 3 жылдык иштөө мөөнөтү ушул жылдын 30-июнунда аяктаган. Мындан улам,  1-июлдан тарта бул кызматты Карыбек Дүйшеев ээлемей болду. 

Карыбек Дүйшеев аталган палатага судья болуп дайындалганына 10 гана күн болгон. Ал 2013-2014-жылдары Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы, депутат Асылбек Жээнбековдун кеңешчиси болчу.