23.04.2019 18:04

Жеке ассистент. Мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелерине пайдалуу маалымат

Жеке ассистент. Мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелерине пайдалуу маалымат

Өлкөдө ушул жылдын 1-январынан тартып, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды карап үйдө отурган ата-энелерге (жеке ассистент) айлык акы төлөнө баштады. Социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, учурда республика боюнча 4 миң 937 адам жеке ассистент болуп катталды. Алардын айлык маяналары 4900 сомду түзөт.

Төмөндө кимдер жеке ассистент боло алаары жана бул үчүн кайда кайрылыш керектиги тууралуу маалыматты сунуштайбыз.

Кимдер жеке ассистент боло алат?

  • Ата-энеси, мыйзамдуу өкүлү (асыроочулар, көзөмөлчүлөр, камкорчулар),
  • жакын туугандары (чоң атасы, чоң апасы, таятасы, таянеси, ата-энеси бир жана ата-энеси башка эркек жана кыз бир туугандары, багып алган ата-энеси)
  • же 65 жашка чейинки тиешелүү окутуудан өткөн башка адамдар.

Жеке ассистент бир эле мезгилде бир үй-бүлөдөн бир нече ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү баланы (эки жана андан ашык) баккан учурда ар бир бала үчүн кызмат көрсөтүүлөргө төлөөдөн 50 пайыз өлчөмүндө үстөк төлөнөт.

Жеке ассистент болуу үчүн кайсыл мекемеге кайрылуу зарыл?

  1. Жашаган жери боюнча территориалдык Медициналык-социалдык эксперттик комиссиясына кайрылуусу зарыл(эгерде МСЭКтин корутундусу болсо, анда кайрылуунун зарылчылыгы жок). Врачтар баланын ден соолугун текшерген соң, «багууга дайыма муктаж» же «бирөөнүн багуусуна жана көзөмөлүнө дайыма муктаж», - деген корутунду берет.
  2. Берилген корутундунун негизинде Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыктары менен бир жылдык мөөнөткө келишим түзүлөт.

Кандай документтерди чогултуу керек?

1) арыз ээсине:

  • саламаттык сактоо уюмдары тарабынан берилген психикалык оорусунун жоктугу жөнүндө медициналык маалымкаттын көчүрмөсү (ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген баккан баланын ата-энесинен талап кылынбайт);
  • арыз ээсинин факт жүзүндө жашаган жеринен маалымкат;
  • паспорттун көчүрмөсү (ID – карта);
  • банктагы алыш-бериш эсеби. 

2) балага:

  • «багууга дайыма муктаж» же «бирөөнүн багуусуна жана көзөмөлүнө дайыма муктаж» экениг тууралуу медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын маалымкатынын көчүрмөсү;
  • баланы реабилитациялоонун жеке программасы (эгерде жок болсо талап кылынбайт) ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү баланын ата-энесинин макулдугу менен иштелип чыгат;
  • ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү баланын паспортунун (ID – карта) же туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү.