25.05.2020 12:53

Жеке бала-бакча кызматкерлери: Урматтуу президент, биз эмне үчүн ачка отурушубуз керек? Бизге иштөөгө уруксаат берүүнү талап кылабыз! (видео)

Жеке бала-бакча кызматкерлери: Урматтуу президент, биз эмне үчүн ачка отурушубуз керек? Бизге иштөөгө уруксаат берүүнү талап кылабыз! (видео)

Жеке бала-бакчалардын педагогдору мекемени ачуу талабы менен өлкө президент Сооронбай Жээнбеков жана өкмөткө дагы кайрылуу жасашты. Видео кайрылууну алар «Апрель» редакциясына жөнөтүшкөн.

«Урматтуу Сооронбай Шарипович! Биз, көп жылдык тажрыйбасы бар тажрыйбалуу мугалимдер кайрылуу жасаганга аргасызбыз: “Биздин эч нерсебиз калбай калды! Сиз бизди унутуп койдуңар! Биз кантип жашайбыз? Баары эле санитардык эрежелерди толук сактабаган базарлар, дүкөндөр, калкты тейлөө борборлору эмне үчүн иштеши керек а биз иштешибиз керек?» - деп айтылат кайрылууда.

Белгилей кетсек, мектепке чейинки мекемелердин иштөөсүнө бийлик азырынча уруксаат бере элек. Тыюу салууга карабай жеке бала-бакчалар ишин улантууну талап кылышууда.