25.01.2019 12:22

Жеке ишкерден акча, унаа талап кылышкан: Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери кармалды

Жеке ишкерден акча, унаа талап кылышкан: Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери кармалды

Жеке ишкерди опузалап, акча жана унаа талап кылган Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери убактылуу кармоочу жайга киргизилишти. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгында райондук бөлүмүнүн начальниги болуп иштеген -  Э.Т., тескөөчүлөрү  Б.Ч. жана Р. А.  өздөрүнүн кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланышып, жеке ишкер «А.Т.» деген жарандан акча опузалап талап кылышкандыгы аныкталган. 

Бул факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган кылмыштардын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон. 

«Мамлекеттик салык кызматынын аталган 3 кызматкери мурда бул адамдан пара катары 50 миң сом суммасында акча алышкан. Аны тескөөчүлөрдүн биринин атына банк аркылуу которгон экен. Кийин  2019-жылдын 18-январында салыктык карызды азайтуу боюнча оң чечим чыгарып беребиз деп, жеке ишкердин «Мерседес-Бенц» маркасындагы унаасын талап кылышып, анын негизинде тескөөчү Б.Ч.нын талабы боюнча, бул автоунаа жакын досуна катталган», -деп жазылат маалыматта. 

Ошол эле күнү Каржы полициясы тарабынан кармалган 3 шылуун бөгөт коюу чарасы каралганга чейин Бишкек шаарынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.