07.06.2018 18:11

Чуу салган мамлекеттик тендерлердин тизмеси

Эми аткаминерлер мамлекеттик сатып алууларды каалагандай жүргүзүшү мүмкүн. Ага жол берчү мыйзам долбоорун "Республика Ата-Журт" фракциясынан депутаттар Марлен Маматалиев жана Абдыбек Дюшалиевдер сунуштап, Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде кабыл алынды.

Белгилей кетсек, мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө колдонуудагы мыйзамга ылайык, жарыяланган ар бир тендерлердин баасы ачык-айкын электрондук порталда көрсөтүлөт. Жаңы сунушталган документте эми мамлекеттик сатып алуулардын акысын көрсөтпөөгө жол берилет экен. Бул күнгө чейин бюджеттин мүмкүнчүлүгүнө каршы келгенине карабай, жарыяланган сынактарды биздин чыгармачылык топ эске салууну чечти.