03.07.2018 12:24

Жер Ортолук деңизге үч күндүн ичинде эки жүздөн ашуун мигрант чөгүп кетти

Жер Ортолук деңизге үч күндүн ичинде эки жүздөн ашуун мигрант чөгүп кетти

29-июндан 1-июлга чейинки аралыкта Европа мамлекеттерине  өтүүгө аракет кылган 200дөн ашуун мигрант Жер Ортолук деңизге чөгүп кетишти. Бул туурасында Женевада Эл аралык миграция уюму билдирди. 

Жыл башынан бери деңизге чөгүп көз жумгандардын жалпы саны миңге жеткен.   

«Бул жуманын аягында 204 чукул мигранттар Ливияда деңиз жээктеринде курман болгон, — деп айтылат маалыматта. — Ошону менен бирге, бул жылы чөгүп кеткендердин жалпы саны миңден ашты».

Эл аралык миграция уюмунун маалыматына караганда, жума күнкү кеменин кырсыкка учурашынан 103 адам жана 3 бала көз жумган. Дем алыш күндөрү дагы бир кеме кырсыктаган, бирок уюм анда каза тапкандардын санын айтпастан, 41 адам куткарылганын гана билдирди. 

ЭАМУнун Ливиядагы башчысы Отман Белбейси  «Ливия  жээктериндеги деңизге чөгүп, көз жумгандардын саны өсүп жатканы чоң кооптонууларды жаратып жатканы» тууралуу жар салды.