03.05.2018 10:56

Жер тилкесин берем деп, алдап кеткен. Милиция дагы жабыркагандар болушу мүмкүн деген ойдо

Жер тилкесин берем деп, алдап кеткен. Милиция дагы жабыркагандар болушу мүмкүн деген ойдо

Бишкектеги Свердлов районунун Ички иштер башкармалыгынын  кызматкерлери алдамчылыкка шектелген жаранды кармашты. Бул жарандын үстүнөн үстүбүздөгү жылдын мартында арыз түшкөн.

Анда милицияга  чала тааныш аялга акчасын алдатып жиберген жаран кайрылган. Анын айтымында, 2016-жылдын ноябрында Чүй облусунан жер тилкесин берем деп бир аял андан 145 миң алып, жоголуп кеткен. Ошондой эле, анын берем деген жер тилкеси үй салууга жарабай турганы, айыл чарба жери экени аныкталган.

Аталган факт Свердлов райондук ИИБде катталып, 166-берене (“Алдамчылык”) менен иш козголду.

Укук коргоочулар тарабынан өткөрүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1967-жылкы аял кармалды.Милиция кызматкерлери кармалган аял башка адамдарды да алдашы мүмкүн деген шек менен иликтөөлөрүн улантууда.

Кармалган жаран убактылуу камакка алынды. Укук коргоочулар сүрөттөгү аялдан запкы көргөндөр болсо, төмөнкү телефон номерлерине кайрылууну өтүнүшөт:

  • 0551 102-805,
  • 0701 411-509.