10.08.2018 09:00

Жерди мыйзамсыз менчикке чыгарып, жок кызматкер үчүн маяна алгандар. Кылмыш иши козголду

Жерди мыйзамсыз менчикке чыгарып, жок кызматкер үчүн маяна алгандар. Кылмыш иши козголду

Ош облусунун прокуратурасы Мамлекеттик каттоо кызматынын Араван районундагы кызматкерлеринин үстүнөн кылмыш ишин козгоду. Бул туурасында Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан билдиришти. 

Араван райондук Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин Араван райондук башкармалыгынын жооптуу кызматтагы адамдары кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, 2015-жылдан 2018-жылга чейин башкармалыкта иштебеген жумушчунун атына айлык акы которуу менен аны өздөрү алып жүргөн. Жыйынтыгында, мамлекетке 644 миң 167 сом зыян келтирилген. 

Андан сырткары, Мамлекеттик каттоо кызматынын Араван райондук башкармалыгынын жана А.Анаров айыл өкмөтүнүн кызматтык адамдары Кайрагач-Арык айылында, билим берүү мекемесинин жанында жайгашкан убактылуу пайдаланууга берилген жер тилкесин мыйзам талаптарын бузуу менен жеке менчикке өткөрүп беришкен. 

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана 305-«КР жер тууралуу мыйзамдарын бузуу»  беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, ишти андан ары териштирүү үчүн тиешелүү органга өткөрүп берди.