11.02.2020 11:44

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо апрель айында өтмөй болду

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо апрель  айында өтмөй болду

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо жарыяланды. Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Маалыматка ылайык, шайлоонун датасы 2020-жылдын 12-апрелине белгиленди.

Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарынын аймактарындагы 26 айылдык кеңешке жана Каракол, Балыкчы, Токмок, Ош, Майлы-Суу шаардык кеңештеринде шайлоо өнөктүгү өтөт.

Мурдараак, айрым аймактарда жергиликтүү кеңештерге шайлоо алдында каттоого турган жарандардын көбөйүп жатканы маалым болгон. Мамлекеттик каттоо кызматы каттоого тургандардын көбөйүп жатканы эч кандай мыйзам бузуу эмес экенин бирок, Борбордук шайлоо комиссиясы менен биргеликте абалды талкуулап чыгаарын маалымдады.