Жети-Өгүз айылында мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн атайын класстар ачылды
Жети-Өгүз районуна караштуу Жети-Өгүз айылындагы Д.Иманов атындагы орто мектепте мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн атайын класстар ачылды. Бул туурасында Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Жети-Өгүз райондук билим берүү бөлүмүнүн маалыматына караганда, ал класстарда окуучулар үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Ошондой эле, коңшу айылдардан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды мектепке ташып келүү үчүн автобус каралган.
Мындай балдардын ата-энелери сабактарга балдары менен чогуу катышып, мугалимдерге жардам беришет. Ата-энелер мындай класстар балдардын өнүгүүсүнө жакшы таасир этип жатканын билдиришет.
Билим берүү министрлиги атайын класстардын мугалимдери үчүн айлык акы корун бөлүп берүүдө.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Выбранная дата: