18.10.2019 10:59

Жети-Өгүз райондук прокурорунун орун басары пара менен кармалды

Жети-Өгүз райондук прокурорунун орун басары пара менен  кармалды

Жети-Өгүз райондук прокурорунун орун басары пара алып жаткан учурунда кармалды. Бул туурасында УКМКдан билдиришти. 

Маалыматка караганда, 2019-жылдын 16-октябрында Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында 60 миң сом параны арыздануучуга кайра кайтарып жаткан учурунда Жети-Өгүз райондук прокурорунун орун басары А.Н.К. жана Жети-Өгүз райондук ИИБ тергөө бөлүмүнүн тергөөчүсү Б.Э.Б. кармалды.

Такталган маалымат боюнча прокурордун орун басары тергөөчү менен бирге жарандан ага козголгон кылмыш ишин кыскартуу үчүн 100 сом өлчөмүндө пара талап кылып, анын 60 миң сомун алган. 

Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси (пара талап кылуу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалган адамдар КР УКМК Тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилишти. Азыркы учурда тиешелүү тергөө ыкчам иштери жүрүп жатат.