10.07.2018 11:54

Жети-Өгүз районунда сууга агып кеткен карыянын денесин издөө иштери уланууда

  Суудан ажал тапкандар (2 материала)
Жети-Өгүз районунда сууга агып кеткен карыянын  денесин издөө иштери уланууда

Жети-Өгүз районунда сегиз күн мурун Кара-Суу суусуна агып кеткен жарандын денесин издөө иштери уланууда. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда 2018-жылдын 2-июль күнү Барскоон айылынын тургуну 1939-жылы туулган  С. Ч.аттуу жаран үйүнөн чыгып Кааз-Уя жайлоосуна мал айдап бара жаткан учурда Кара-Суу суусуна агып кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

9-июль күнү издөө иштерине КР ӨКМнин Каракол шаардык №15 Аскерлештирилген өрт куткаруу бөлүгүнөн 11 куткаруучу, КР ӨКМнин Жети-Өгүз райондук №36 Өрт-куткаруу бөлүгүнөн 7 куткаруучу, КР ӨКМнин Нарын шаардык №16 Аскерлештирилген өрт куткаруу бөлүмүнөн 3 куткаруучу тартылган. КР ӨКМден 21 куткаруучу тартылган.