Жеңишке тез арада операция жасоо керек, ал болсо күндө жумушка чыгууга аргасыз

Отуз жаштагы Жеӊиш Касымов жардамга муктаж. Ал Альвеококкоз илдетине чалдыгып, тез аранын ичинде боорун алмаштырышы керек. Илдет менен убагында эсептешпесеӊ, аз эле өмүрүӊ калды деп ак халатчандар билдиришкен. Боорду алмаштыруу операциясын Индияда мыкты деңгээлде жасашкандыктан, Жеңиш ал жакка барууга аргасыз. Бирок,  операция арзан эмес,   45миӊ доллар.  Мындай ири сумманы чогултууга "Тазалыктын" таштанды чыгарып иштеген кызматкеринин чамасы чак. Ошондуктан кайрымдуу мекендештеринен жардам сурап кайрылат.