26.03.2019 10:41

"Жеңиш Разаков тажиктердин тыңчысы" деген маалымат кайдан тараган?

"Жеңиш Разаков тажиктердин тыңчысы" деген маалымат кайдан тараган?

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Тажикстан тарапка карап иш кылып, аталган өлкөнүн тыңчысы деген маалыматтар тарай баштады. Мындай сөздөрдүн учу алгач коңшу өлкөдө пайда болсо, эми кыргыз журналисттери жазып жатат. Маалыматка караганда, Разаков Баткен облусунда иштеп жүргөн учурда Тажикстан аймагынан атайын кызматтагыларга кармалып, 3 күн жоголуп кеткен. Кийин, маселенин чоо-жайын сүрөттөгөн түшүнүк кат жазып кутулган. Ошол бойдон унутта калган окуяны эми эстегендер пайда болду.