14.11.2019 09:50

Жыпар Жекшеев: КТРКны коомдук канал кыла албай койдум

Жыпар Жекшеев: КТРКны коомдук канал кыла албай койдум

Коомдук ишмер Жыпар Жекшеев КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагалыгынан жана мүчөлүгүнөн кетүү тууралуу арыз жазды. Бул туурасында Жекшеевдин өзүнө таянып, «Азаттык» жазды.

Ал каналды коомдук кыла албай койгонун, буга мыйзамдык карама-каршылыктар да тоскоол болгонун билдирди.

«Мен кечээ арыз жазып бердим. Чынында эле менин колумдан көп нерсе келбей койду, коомдук телеканал кыла албай койдум. Мыйзамдын өзүндө мамлекеттик жана коомдук деп карама-каршылыктар бар экен. Мен чайналып кеттим. Башка себеп жок. Балким менден кыйын жаштар келип иштесе оңдойт деп ойлойм», - деди Жекшеев.

Жыпар Жекшеев былтыр июнда Коомдук телерадиокорпорациянын Байкоочу кеңешинин башчылыгына экинчи мөөнөткө шайланган. Мыйзамга ылайык, төраганын арызы парламентте каралат жана андан кийин жаңысы тандалат.

КТРКнын Байкоочу кеңешинин 15 мүчөсү бар. Алардын бешөөнү президент, бешөөнү парламент жана калган беш мүчөсүн жарандык коом сунуш кылган талапкерлердин арасынан парламент тандап алат. Жыпар Жекшеевди мурдагы президент Алмазбек Атамбаев сунуш кылган.