21.05.2019 18:12

ЖК депутаты Махабат Мавлянова Гуля Алмамбетовага жооп кайтарды

ЖК депутаты Махабат Мавлянова Гуля Алмамбетовага жооп кайтарды

Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова кыргыз кыздарына үлпөт тоюнда төшү ачык кийим кийбөө тууралуу сунушуна түшүндүрмө берди. Тасманы парламенттин басма сөз кызматы таратты.

Махабат Мавлянованын айтымында, Кыргызстан эгемендик алган жылдардан бери тарбия маанисине көңүл бөлбөй келет.

«Ар бир чоң тойдо айылдан келген аксакал адамдар болот. Мен кыздарды улууларды сыйлап, өтө ачык кийинбөөгө чакырдым. Бул мыйзам долбоору эмес, менин жөнөкөй жаран катары пикирим. «Сөздү уккан кишиге айт, сууну сиңген жерге төк» дегендей,  түшүнгөн адам туура кабыл алат.  Албетте, биз светтик өлкөбүз. Бирок, өзүбүздүн улуттук каада-салтыбызды, улуттук баалуулуктарыбызды, нарк-насилдерибизди кийинки муундардын канына сиңирип кетиш биздин – улуу муундун парзы. Ансыз да эгемендик алгандан бери тарбия жагына аз маани берип жатабыз», -деди депутат.

Ал ошондой эле, Бишкек мэринин кеңешчиси Гуля Алмамбетова депутаттын кыргыз кыздарына берген кеңешине карата өз пикирин билдирүүдө эмоцияга алдырып койду деп эсептейт. 

«Жалпысынан Азиз Суракматовдун командасынын ишин жакшы баалайм. Креативдүү иштеп жатышат. Гуля Алмамбетованы жакшы адис катары  угуп жүргөм. Ал шаардын өнүгүшүнө жакшы жардам берип жатат.  Ал болгону эмоцияга алдырып койду окшойт», -деди эл өкүлү Махабат Мавлянова.

Депутаттын оюнда, күчтүү адисти эмоцияга алдырып айтып койгон сөзү үчүн жумуштан кетирүүнүн кереги жок. 

Эскерте кетсек, кечээ Махабат Мавлянова кыргыз кыз-келиндери үлпөт тойдо өтө чапташкан, көкүрөгү ачык көйнөк кийбеш керек деп билдирген. Анын бул билдирүүсүнө Бишкек шаарынын башчысынын кеңешчиси Гуля Алмамбетова өзүнүн Twitter-баракчасына  «Пошла на *уй» деген пикир калтырган.

April.kg мэрдин кеңешчиси менен байланышканда,  окуяга комментарий берүүдөн баш тарткан.