20.04.2018 17:56

ЖК өкмөттүн жаңы курамын бекитти

ЖК өкмөттүн жаңы курамын бекитти

Жогорку Кеӊеш Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев башында турган жаӊы Өкмөттүн программасын, анын түзүмү менен курамын бекитти. Ал ачык электрондук добуш аркылуу депутаттардын колдоосуна ээ болду. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин токтому кабыл алынды.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жаӊы Өкмөткө зор ишеним көрсөтүп жатканы үчүн депутаттарга ыраазычылык билдирип, мындан ары өлкөнүн өнүгүшү жаатында кыргыз парламенти менен биргелешип иш алпарууга убада берди.

Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков жалпы депутаттардын атынан жаӊы өкмөт башчысы менен өкмөт мүчөлөрүн эл өкүлдөрүнүн ишенимине ээ болушу менен куттуктап, алардын ишинде ийгиликтерди каалады.

Ал эми Өкмөттүн жаӊы түзүмү менен курамы төмөнкүдөй түзүлдү:

- өкмөт башчы – Мухаммедкалый Абылгазиев;
- биринчи вице-премьер-министр – Кубатбек Боронов;
- вице-премьер-министр – Жениш Разаков;
- вице-премьер-министр – Замирбек Аскаров;
- вице-премьер-министр – Алтынай Өмүрбекова;
- финансы министри – Адылбек Касымалиев;
- тышкы иштер министри – Эрлан Абдылдаев;
- экономика министри – Олег Панкратов;
- транспорт жана жолдор министри – Жамшитбек Калилов;
- айыл чарба, тамак-аш өндүрүшү жана мелиорация министри – Нурбек Мурашев;
- юстиция министри – Айнур Абдылдаева;
- билим берүү жана илим министри – Гүлмира Кудайбердиева;
- маданият, маалымат жана туризм министри – Султан Жумагулов;
- эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри – Таалайкүл Исакунова;
- ички иштер министри – Кашкар Жунушалиев;
- саламаттык сактоо министри – Космосбек Чолпонбаев;
- өзгөчө кырдаалдар министри – Нурболот Мирзахмедов;
- Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы – Идрис Кадыркулов;
- Энергетика, өндүрүш жана кен пайдалануу мамлекеттик комитеттин төрагасы – Уланбек Рыскулов;
- Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитеттин төрагасы – Бакыт Шаршембиев;
- Коргонуу иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы – Эрлис Тердикбаев;
- Өкмөттүн аппаратынын жетекчиси, министр – Мурат Мукамбетов.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеӊеш кечээ, 19-апрелде  Өкмөткө ишеним көрсөтпөө жөнүндө чечим чыгарып, ошол эле күнү Президент Өкмөттү отставкага кетирген. Ошондон улам, Жогорку Кеӊештин кезексиз жыйынында жаӊы Өкмөттүн программасын, анын түзүмү менен курамын бекитүү жөнүндө маселеле каралды.