ЖМК: Айеркен Саймаитини өлтүрүүгө шектелип үч киши кармалды, экөө - кыргызстандыктар

ЖМК: Айеркен Саймаитини өлтүрүүгө шектелип үч киши кармалды,  экөө - кыргызстандыктар

Стамбул шаарында ишкер Айеркен Саймаитини өлтүрүүгө шектелип үч киши кармалды. Түркиялык басылмалар алардын экөө Кыргызстандын, бирөө Сириянын жараны экенин жазып чыгышты.  

Маалыматка караганда, шектүүлөр Түркиядан Сирияга чыгып кетүүгө аракет кылган маалда Адана аймагынан кармалган. Ал жакта жүргүзүлгөн атайын операциянын жыйынтыгында кыргызстандык Хусейин Ахматалиев, Абдуллах Энвер жана сириялык Али Исбех кармалган.

Сурак учурунда алар Айеркен Саймаитини Кыргызстандагы аласа-бересе маселелеринен улам өлтүрүшкөнүн айтышкан.

Учурда шектүүлөр Аданадан Стамбулга алынып келе жатат.

Эскерте кетсек, 10-ноябрда кечке жуук, Стамбул шаарынын Фатих аймагындагы мейманканалардын биринин короосунда отурган жеринен кытайлык ишкер Айэркен Саймаитини белгисиз адам атып кеткен.  Саймаити алган жаракаттарынан улам, ооруканада каза тапкан.

Көпчүлүктүн көңүлүн кылмыш болгон жерде жол боюнда токтотулган Range Rover үлгүсүндөгү 34 CC 2902 номерлүү унаа бурган. Мындай номерлер консулдуктарга тиешелүү болору айтылып, Кыргызстандын ТИМи унаанын чоо-жайын териштирүүнү убадалаган. 

Айрым такталбаган маалыматтарда бул унаа  Кыргызстандын Стамбулдагы консулу Эркин Сопоковго таандык экени айтылган. Бирок ТИМ маалыматты тастыктай да, төгүндөй да элек. 

Бүгүн эле Эркин Сопоков президенттин буйругу менен ээлеген кызматынан бошотулду.