18.10.2019 08:30

ЖМК: Мирбек Айтикеев Швецияда экени кабарланды

ЖМК: Мирбек Айтикеев Швецияда экени кабарланды

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) саясий кеңешинин мүчөсү, журналист Мирбек Айтикеев үй-бүлөсү менен Швецияда. Бул туурасында жеке булактарына таянып, «Азаттык» жазып чыкты. 

Мирбек Айтикеевдин өлкөдөн качан жана кандай жол менен чыгып кеткени белгисиз. Азырынча тиешелүү расмий органдар бул маалыматты тастыктай элек.

7-8-августта Кой-Таштагы окуялардан кийин Мирбек Айтикеевдин кармалганы айтылып, бирок Ички иштер министрлиги бул маалыматты төгүндөгөн. Айтикеев азырынча суракка да чакырыла элек экенин маалымдашкан.

Ага чейин башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Мирбек Айтикеев журналист катары эмес, Кой-Таштагы окуяларга күбө болгон адам катары суракка чакырылышы мүмкүн деп маалымдаган.

Журналист Мирбек Айтикеев 7-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди суракка алып кетүү үчүн келген күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери күтүүсүздөн кирип келгенин биринчилерден болуп коомчулукка жарыялаган.

Ал операция учурунда мурдагы президенттин тарапташтары менен «Альфа» атайын түзүмүнүн ортосунда кагылышуу орун алган. Атамбаев багынып бергенден кийин анын активдүү тарапташтарынын көбүн камап коюшкан.