Жогорку Кеңеш биринчи сессиясын 10 мүнөт 52 секундада жыйынтыктады
Бүгүн, 4-сентябрда Кыргыз Республикасынын VI чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин кезектеги сессиясынын ачылыш аземи болду. Анда 95 депутат катышып жатканы айтылды. Алгачкы 4 мүнөт 46 секундасын депутаттар чогулуп, учурашып, орундарына жайланышууга коротушту.
Жыйынды ачкан Жогорку Кеңешинин төрагасы Дастанбек Жумабеков кесиптештерин кезектеги сессиянын башталышы менен куттуктады. Регламент боюнча 4-5-сентябрь күндөрү Жогорку Кеңештин тармактык комитеттери жыйын өткөрүшү керек экенин айткан төрага, комитеттер мыйзам долбоорлорун дайын кылганда ЖК ишин улантаарын айтты.
Жумабеков Чолпон-Ата шаарында Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жатканын белгилеп, депутаттарды активдүү катышып берүүгө чакырды. Ошентип, Жогорку Кеңештин депутаттарынын бүгүнкүгө белгиленген сессиясы 10 мүнөт 52 секундада жыйынтыкталды.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Выбранная дата: