14.06.2019 12:40

Жогорку Кеңеш депутаты Ирина Карамушкина парламентти таратууну талап кылды

Жогорку Кеңеш депутаты Ирина Карамушкина парламентти таратууну талап кылды

Жогорку Кеңеш депутаты Ирина Карамушкина парламентти таратууну талап кылды. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында билдирди. 

Текстти толугу менен келтиребиз: 

«Экс-президент Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын курамына киргендер: 

  • КСДП фракциясынан - Евгения Строкова, Өмүрбек Бакиров, Кожобек Рыспаев жана Максатбек Эгембердиев;
  • «Республика - Ата Журт» - Талант Мамытов, Бактыбек Раймкулов, Жыргалбек Турускулов;
  • «Өнүгүү-Прогресстен» - Алтынбек Жунус уулу;
  • «Кыргызстан» - Канат Исаев, Алмазбек Токторов;
  • «Бир Бол» - Дуүйшөн Төрөкулов;
  • «Ата Мекен» - Каныбек Иманалиев.

Калайык калк, бул фамилияларды эстеп калгыла! Алар Иуда катары Кыргызстандын тарыхында калышсын. Иманалиев, Исаевдер тууралуу айткым да келбейт, алар сыяктууларга убакытымды короткум да келбейт. 

Комиссияга «Атамбаевсиз КСДП»  фракциясынан Строкова кирди, аны Алмаз Шаршенович көтөрмөлөп, башталгыч класстын мугалимдигинен өлкөнүн жогору мыйзам чыгаруучу органынын депутаттыгына жеткирди эле. Ар дайым байкуш болуп, арманын айтып, Атамбаевдин иш бөлмөсүндө отурчу, Атамбаев ага өзүн көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берген... Мына, көрсөттү!  

Бакиров жөнүндө: мурунку акжолчу, Асылбек Ж. аркылуу парламентке өтүп кеткен, Рыспаев тууралуу ансыз деле баары баарын билет. 

Эгембердиев! Анын бир жолу чыгып сүйлөгөнүн көрдүңөр беле? Көрсө, Жээнбековдордун алыска кетчү пландары бар тура, мындай адамдарды парламентке «тыгуу» менен өздөрүнө «кыңк» этпеген массаны даярдашыптыр. Алмазбек Атамбаев өлкөгө инвестиция издеп чуркап жүргөндө, жолдорду, онкологиялык борбор курдуруп, бюджетте иштегендерге үй курдуруп, электр жана газ маселесин чечип жүргөндө,  булар жайлуу орундарда отуруп алып, өздөрүнүн чыккынчылык пландарын камдап жатышкан тура!

Абал оңолбой турган болгондон кийин, эмнеге жазып жатам? Алар өздөрү жек көргөн Атамбаевден кутулуу үчүн баарына барышат, же болбосо аларга качууга туура  келет. Баарынан да мугалим, менин мурунку кесиптешим Строкова үчүн уялып жатам, сатылып кетти. 

Аткаруучу, мыйзам чыгаруучу жана сот бийлигине адамдар кесипкөйлүгү аркылуу эмес, туугандык жайы, сөздөн чыкпаган элпектиги, ыңгайлуулугу боюнча тандалып келе берсе, эч качан, эчтеке өзгөрбөйт! Бүгүн Атамбаев юул чыккынчылыкты көргөндөн кийин бийликтеги «өз кишилер» канчалык кооптуу болоорун түшүндү! Мындан улам, ал трайбализм, кландык көрүнүш жана мамлекеттик органда бүгүнкү күнү катуу жайылган коррупцияга каршы күрөшөт. Мен бул чыккынчы жана коркок 6-чакырылышты таратууга макулмун, бирок жакшылар келерине күмөнүм бар. Ишене албай турам».