29.05.2019 14:34

Жогорку Кеңеш премьер-министр сунуштаган талапкерлерди жактырды

Жогорку Кеңеш премьер-министр сунуштаган талапкерлерди жактырды

Жогорку Кеңеш премьер-министр сунуштаган талапкерлерди жактырды. Бүгүн, 29-майда парламентте өкмөттөгү бош калган орундарга талапкерлер каралды. 

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев депутаттарга талапкерлерди колдогондору үчүн ыраазычылык билдирди. «Талапкерлерди колдогонуңуздарга ыраазычылык билдиребиз.  Мен сунуштаган талапкерлерди колдоп бердиңиздер. Ишенимиңиздерди актаганга аракет кылабыз», - деди премьер-министр.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине Эркинбек Чодуевдин, экономика министрлигине Санжар Муканбетовдун, Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагалыгына Дастан Догоевдин, өкмөттүн аппарат жетекчилигине Самат Кылжыевдин талапкерлиги жактырылды.