14.04.2020 12:52

Жогорку Кеңеште Космосбек Чолпонбаевди жоопкерчиликке тартуу сунушталды

Жогорку Кеңеште Космосбек Чолпонбаевди жоопкерчиликке тартуу сунушталды

Мурдагы салматтыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин ишине юридикалык баа берүү керек. Ишти аскер прокуратурасына берели. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев тармактык комитеттин жыйынында билдирди. Анын айтымында Чолпонбаев оорунун жайылып кетүүсүнө шалаакылык мамиле кылган.

“Азыр биз өзгөчө кырдаалда жашап жатабыз, бул согуштук тил менен айтканда аскердик абал. Ушундай шартта шалаакылык кылып, тиешелүү деңгээлде иш алып бара албай, оорунун жайылып кетүүсүнө жол берди деп кылмыш жоопкерчилигине тарткыла. Прокуратура иликтесин, иштесин. Бул кийинки министрлерге, орун басарларына да сабак болушу керек. Азыр бизди вирус эмес, кайдыгерлик, шалаакылык жок кылат”- деди Иманалиев.

Эске салсак, мурдагы саламаттыкты сактоо министир Космосбек Чолпонбаев 31-мартта коронавирус менен күрөшүү чараларын чабал жүргүзгөнү үчүн кызматынан бошотулган. Анын ордуна 1-апрелде президенттин жарлыгы менен Сабиржан Абдикаримов дайындалган.

Бүгүн, 14-апрелге карата Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын жалпы саны 430  кишиге жетти.  Бешөө каза болуп, 71 адам айыгып чыкты.