01.04.2020 11:31

Өзгөчө абал: Президент эки аткаминерди тилдеп туруп, кызматтарынан бошотту

Өзгөчө абал: Президент эки аткаминерди тилдеп туруп,  кызматтарынан бошотту

Бүгүн, 1-апрелде саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев жана социалдык тармак боюнча вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова отставкага кетишти.

Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Алардын ордуна кимдер дайындалат азырынча маалымат жок.

Белгилей кетсек, күн мурун өткөн КР коопсуздук кеңешинин жыйынында Сооронбай Жээнбеков республикалык штабдын жана саламаттык сактоо министринин ишин кескин сындаган. Анда мамлекет башчы Космосбек Чолпонбаевге январь айында эле пандемияга даярдык көрүүгө тапшырма бергенин эскерткен.

Эске салсак, күн мурун, 31-мартта бардыгы болуп коронавирус илдетин жуктургандардын саны 107 кишиге жетти. Ичинен эки жаран Ысык-Көл облусунун тургундары.

Коронавирусу аныкталган бейтаптардын 58 аял, 49 эркек, алардын ичинен 15 бала, ошондой эле 1 жашка чейин эки наристе жана 31 улгайган адам.

25-марттан 15-апрелге чейин өлкөнүн көпчүлүк аймактарында өзгөчө абал жарыяланып, базарлар жана башка жайлар, мекемелер убактылуу жабылды.