19.03.2019 13:02

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясы оппозицияга өтөбү?

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясы оппозицияга өтөбү?

КСДП расмий түрдө оппозицияга кеткени менен Жогорку Кенештеги социал-демократтар көпчүлүк коалициясынан чыккысы жок. Бирок мыйзам жана башка кесиптештери буга эмне дейт? Исхак Масалиев жакын арада коалициялык көпчүлүктөгү фракциялардын жетекчилерине кайрылганы турат. Эл өкүлүнүн айтымында, эгер КСДП башкаруучу көпчүлүктөн чыкпаса, аларды оппозицияга өткөрүү үчүн альянс чечим кабыл алышы зарыл. Башкы аппараты бир тарапта, ал эми ошол эле партиядан чыккан эл өкүлдөру башка тарапта болушу акылга сыйбаган иш.