14.06.2019 13:28

Жогорку Кеңештеги мушташ. Депутат Бакытбек Жетигенов Канат Исаевди сабап койду

Жогорку Кеңештеги мушташ.  Депутат Бакытбек Жетигенов Канат Исаевди сабап койду

Жогорку Кеңештин депутаттары Бакыт Жетигенов менен Канат Исаев мушташып кетишти. Бул тууралуу April.kg порталына парламенттеги өздүк булактар билдирди.  

Эки депутаттын мушташы эки күн мурун болгон. Эл өкүлү Бакытбек Жетигенов Канат Исаевдин кабинетине кирип, аны катуу сабап салган. Уруш Исаевдин 12-июнда парламентте сүйлөгөн сөзүнөн улам чыккан. 

Анда Исаев сүйлөп жатып, Жогорку Кеңешке тизмени экс-президент Алмазбек Атамбаев түзгөнүн, мындан улам парламентке уюшкан кылмыштуу топтун өкүлдөрү да келип калганын билдирген.

Депутаттын токмок жегени тууралуу маалымат социалдык тармактарда да айтылды. Учурда April.kg окуянын чоо-жайын тактап жатат.