24.12.2018 14:35

Жогорку Кеңештеги тирешүүлөр уланууда

Жогорку Кеңештеги тирешүүлөр уланууда

"Баарыңарды алмаштырыш керек!" - деп «Бир Бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов төрага Дастан Жумабековго атырылып барып токтоду. Сулаймановго төраганын алып барганы жаккан эмес.

Алмаштыруу деп КСДП айттырбай эле Иса Өмүркуловдун оюу менен Жогорку Кеңеш төрагасынын орун басары болуп келген Асель Кодуранованы кызматтан кетирди. Асель айым ошол эле парламентте сөз сүйлөп, аял менен алышкан эркек, эркек эмес деп, бул сөздү Өмүркуловдун дарегине жолдоп койду.