22.10.2018 09:38

Жогорку Кеңештин депутаты жол кырсыгына кабылды. Апасы жеринде каза тапты

Жогорку Кеңештин депутаты  жол кырсыгына кабылды. Апасы жеринде каза тапты

КСДП фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Нодирбек Каримов жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу журналисттерге ЖКККБдан билдиришти. 

Мекеменин маалыматына караганда, кырсык кечээ, 21-октябрда Бишкек-Ош жолунун 205-чакырымында болгон.

«Депутат рулду башкара албай калып, унаа көңтөрүлүп кеткен. Кырсыктан эл өкүлүнүн 69 жаштагы апасы каза тапты.  Өзү жубайы экөө жакын жердеги Токтогул ооруканасына жеткирилди», -деп айтылат маалыматта.