18.04.2019 20:50

Жогорку Кеңештин депутаттары КСДПнын Сагынбек Абдрахмановго катталышы тууралуу кандай ойдо?

Жогорку Кеңештин депутаттары КСДПнын Сагынбек Абдрахмановго катталышы тууралуу кандай ойдо?

Юстиция министрлигинин юридикалык жактардын электрондук маалымат базасында кечээ «Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын» документине өзгөртүү киргизилип, «Жетекчинин аты-жөнү» деген жерде Алмазбек Атамбаевдин ордуна Сагынбек Абдрахманов жазылды.   «Апрель» телеканалынын кабарчылары бул кырдаал боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарынын оюн укту. 

Жанар Акаев КР ЖК депутаты: Сагынбек Абдрахмановдун бирөөнүн партиясына кол салып, аны тартып алуу аракети туура эмес.

Мухтарбек Айнакулов КР ЖК депутаты, КСДП фракциясы: Эмненин негизинде кайра катташты? Жөнөкөй эле кагаздын негизиндеби? 

Абдывахап Нурбаев  КР ЖК депутаты, КСДП фракциясы:  Алар деле жөндөн-жөн кылбаса керек дейм да, мисалы. Азыр эки партиянын талашы болуп атпайбы? Бул жерде караш керек эмненин негизинде кайра катташты?

Дастан Бекешев КР ЖК депутаты, КСДП фракциясы: Партийный институтка терс таасирин көрсөтөт. Ушул метод менен кайсыл партияны албайлы, алып койсо болот да.

Жанар Акаев  КР ЖК депутаты: Көпчүлүк өтө кыжырдануу менен кабыл алып атат.

Абдывахап Нурбаев КР ЖК депутаты, КСДП фракциясы: Бир партияда эки жетекчи болбош керек. Өзүнчө башка партия кылып атын өзгөртсө, анын акысы бар. Ар бир адамдын укугу бар.

Жанар Акаев  КР ЖК депутаты: Мен Абдрахмановго такыр түшүнбөйм да, эгер шайлоого катышкысы келсе өкмөттү курап элге жардам бергиси келсе партия түзсүн да Сагынбек деп түзсүн, же башкача түзсүн. 

Мухтарбек Айнакулов КР ЖК депутаты, КСДП фракциясы:  Эми элдин баары түшүнүп турат саясий басым бар экенин. Юстиция министри кандай болуп атканын эмне түшүнбөйбү? Демек бир жерде бир нерсе бар да.