28.11.2018 17:14

Жогорку Кеңештин депутаттары өкмөттүн жакыр үй-бүлөлөргө меш таратуу идеясын сынга алды 

Жогорку Кеңештин депутаттары өкмөттүн жакыр үй-бүлөлөргө меш таратуу идеясын сынга алды 

Жогорку Кеңеш бүгүн, 28-ноябрда Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу долбоору) ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда карады.  

Документке караганда, Кыргызстанга жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу үчүн 46 миллион доллар бөлүнөт, каражаттын 50 пайызы грант түрүндө болсо, 50 пайызы 38 жылга насыяга берилмекчи. 

Бул  акчага «Бишкекжылуулуктүйүнү» 2 чакырым жерге жаңы түтүк жаткырып, өкмөт 14 миң меш сатып алып, жакыр үй-бүлөлөргө таратат. План боюнча, алар мештин наркынын  30 пайызын төлөшү керек. Бул ишти аймактардан баштоону көздөшүүдө.  

Депутат Дастан Бекешев бул жаңылыкка катуу нааразы болду. Анын айтымында, бул- каражатты эң натыйжасыз пайдалануу. Депутат өкмөт эмне максат менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына меш бөлүп берүү өтүнүчү менен кайрылганына кызыкты. 

«Бул акча жөн гана короп кетет, анан бизди коррупцияга айыпташат. Силер 14 миң меш алдыңар дейли, аны кантип бөлүштүрөсүңөр, кимдин бай, кимдин кедей экенин кантип аныктайсыңар? Бир адамдын 40 жылкысы болсо деле меш бересиңер. Эчтекеси жок болсо деле меш бересиңер. Депутаттар сураса, аларга да бересиңер. Ушинтип, ал акча жок болот. Бул иште болгону бир жакшы нерсе - мештердин бизде чыгарыла турганы.  Суранганды токтотпойлубу. Өлкөдө меш тараткандан башка көйгөй калбай калдыбы? Акча сурап арыз берип жатканда кичине ойлонсоңор», – деди депутат. 

АРИСтин өкүлү бул мештер жылуулукту 80 пайызга үнөмдөп, түтүндү аз чыгарарын, жергиликтүү ишкерлер тарабынан Кыргызстандын өзүндө чыгарыла турганын, андай мештер азыр Монголияда пайдаланылып жатканын билдирди. Бир мештин баасы – 10-12 миӊ сом экени айтылды.